САЙТ ЖӨНҮНДӨ

Сайтта берилген маалымат Айгине маданий-изилдөө борбору тарабынан ЮНЕСКОнун Бейзаттык маданий мурас фонду колдогон “Кыргызстандын бейзаттык маданий мурас дүйнөсүнө санариптик саякат” долбоорунун алкагында даярдалды.

Сайтта берилген бейзаттык маданий мурас кыргыз элине жана Кыргызстанда жашаган аз улуттуу дунган жана уйгур элдерине таандык.

Сунушталган маалымат маданий мурасты алып жүрүүчүлөр жана салттуу билим ээлери тарабынан топтолуп, даярдалды. Ошону менен бирге илимпоздор, адабият таануучулар жана тарыхчылар тарабынан тастыкталды.

Кыргыз элинин бейзаттык маданий мурасы төмөнкү бөлүмдөрдү камтыйт:

Кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгы жана айтуучулук өнөрү
Каада-салттар, ырым-жөрөлгөлөр, үрп-адат, жол-жобо
Салттуу тамак-аш даярдоо билими жана ыкмалары
Салттуу кол өнөрчүлүк билими, ыкмалары жана буюм-тайымдары
Салттуу музыка жана аткаруучулук өнөр
Салттуу оюндар
Касиеттүү жерлерге зыярат кылуу (мазар таюу) салты

Бул бөлүмдөр боюнча маалымат топтоп, даярдаган иш топтуп мүчөлөрү:

  1. Айдай Асангулова, чебер, дизайнер, “Кийиз дүйнө” коомдук фондунун негиздөөчүсү жана жетекчиси.
  2. Гүлнара Айтпаева, филология илимдеринин доктору, Айгине Маданий-изилдөө борборунун негиздөөчүсү жана жетекчиси, ЮНЕСКОнун Бейзаттык маданий мурасты сактоо боюнча 2003-ж. Конвенциясынын Өкмөттөр аралык комитетинин алдындагы Баалоо органынын мүчөсү, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмери.
  3. Кыял Тажиева, акын, Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрынын архив бөлүмүнүн башчысы, КРдын Улуттук жазуучулар Союзунун мүчөсү.
  4. Сапаргүл Турдубекова, Кыргыз-Түрк Манас университетинин Туризм факультетинин Ресторан иши жана кулинардык өнөр бөлүмүнүн ага окутуучусу.
  5. Темирбек Токтогазиев, Кыргызстан жазуучулар жана журналисттер союздарынын мүчөсү, манастаануучу, Эл аралык “Ататүрк” сыйлыгынын лауреаты, Эл аралык “Евразия диалогу” платформасынын мүчөсү.
  6. Чолпон Турумбаева, искусство таануунун кандидаты, доцент, Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамалекеттик маданият жана искусство университетинин илимий иштер жана эл аралык байланыштар боюнча проректору, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмери.
  7. Чынара Сейдахматова, салттуу билим ээси, коомдук ишмер.
  8. Шаакан Токтогул, эркин журналист, салт таануучу.

Иш алып барууда көзөмөлдөө топтун мүчөлөрү:

  1. Айдай Калмаматова, жетигенчи, “Аксаамай” элдик фольклордук ансамблинин мүчөсү
  2. Атыркүл Сейизова, КРдын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маданиятты өнүктүрүү жана саясатты ишке ашыруу башкармалыгынын башкы адиси.
  3. Динара Чочунбаевамаданий мурас/кол өнөрчүлүк боюнча серепчиси, Борбордук Азия боюнча Дүйнөлүк кол өнөрчүлүк кеңешинин (WCC-APR) экс-вице президети, учурдагы ардактуу мүчөсү жана кеңешчиси.
  4. Жумагазы Садыр уулу, коомдук ишмер, журналист, салт таануучу, “Ашар” кыймылынын негиздөөчүсү, “Даңк” медалынын ээси.
  5. Сабира Солтонгелдиева, КРдын ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиясынын жоопту катчысы.

Мааламатты тастыктап, өз пикирин билдирген илимпоздор, өнөрпоздор жана мамлекеттик мекемелер:

  1. Амантур Жапаров, этнограф, тарых илимдеринин доктору, КРдын антропологдор ассоциясынын мүчөсү.
  2. Гүлмира Кутуева, салттуу билим ээси, кол өнөрчү, сүрөтчү, дизайнер, «ДЗЕНИУС» креативдуу экономика Коомдук фондунун жетекчиси, «Кеңеш» студиясынын негиздөөчүсү, “7 асман” интеллектуалдык чыгармачыл топтун негиздөөчүсү.
  3. Гүлсана Атамкулова, чебер-уз, сүрөтчү, салттуу билим ээси.
  4. Жаңылсынзат Турганбаева, салттуу билим ээси,“Супара” этнокомплексинин кош-негиздөөчүсү жана башкы директору, “Супара” компаниясынын башкаруучу акционери.
  5. Жылдыз Орозобекова, филалогия илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын “Манас”, фольклор жана акындар поэзиясы бөлүмүнүн башкы илимий кызматкери, КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмери.
  6. Манас” улуттук академиясы
  7. “Манас” улуттук театры
  8. Мелис Мураталиев, кыргыз маданиятын таануучусу, КРдын мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, “Бакдөөлөт” фондунун башчысы.
  9. Намазбек Уралиев, салттуу билим ээси, комузчу, уста, КРдын эмгек сиңирген артисти, КРдын эл артисти.
  10. Нурадин Абдразаков, чебер уста, салттуу билим ээси
  11. Нурзат Жээнбек кызы, Кыргызстан кол өнөрчүлөр кеңеши” ассоциациясынын президенти, «Арт Групп Жарашат» ЖЧКсынын негиздөөчүсү жана директору, архитектуралык чөйрөнүн дизайнери.
  12. Нурланбек Нышанов, мультиаспапчы, музыкалык аспапты жасоочу уста, “Манас” улуттук театрынын музыкалык бөлүмүнүн башчысы, КРдын эл артисти.
  13. Сулайман Кайыпов, фолклорист-этнограф, филология илимдеринин кандидаты, тарых илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын Академик А.А.Алтмышбаев атындагы Философия институтунун Башкы илимий кызматкери, КРдын илим жана техникалык жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, КРдын илимине эмгек сиңирген ишмер.
  14.  

Дунган (хуэйзў/хуэйцзу) элинин бейзаттык маданий мурасы боюнча төмөнкү бөлүмдөрдү камтыган маалымат Кыргызстандагы дунган таануу илимий тармагынын белгилүү адиси, этнограф, тарых илимдеринин кандидаты, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Тарых жана маданий мурас институтуна караштуу Чыгыш таануу бөлүмүнүн ага илимий кызматкери, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын эмгек сиңирген кызматкери, Чжен Хэ атындагы Эл аралык маданий интеграция фондунун Байкоочу кеңешинин мүчөсү, Али Жон тарабынан топтолуп, даярдалды.

Хуэйзў/хуэйцзу тили
Элдик оозеки чыгармачылык
Салттуу музыка
Кааада-салт, ырым-жырым, майрамдар
Салттуу ашкана
Салттуу кол өнөрчүлүк Салттуу кол өнөрчүлүк
Салттуу оюндар
Салттуу билимдер жана жөрөлгөлөр

Топтолгон маалымат Чжэн Хэ атындагы Эл аралык маданий интеграция фондунун Башкармасынын төрагасы, Дунган ассоциациясынын вице-президенти, Берат Касмахунов жана Б. Джамгырчинов атынданы КРдын Улуттук илимдер академисына караштуу Тарых, археология жана этнология институтунун Чыгыш таану бөлүмүнүн ага кызматкери, “Голос дунган” радиопередачасанын редактору, филология илимдеринин кандидаты, Фатима Хаваза тарабынан тастыкталды.


Уйгур элинин бейзаттык маданий мурасы боюнча төмөнкү бөлүмдөрдү камтыган маалымат, тилчи, филология илимдеринин доктору, түркология, орус тили жана этнология боюнча адиси, Кыргыз Республикасынын Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин профессору, Абдуллаев Сайфулла тарабынан топтолуп, даярдалды.

Уйгур тили
Элдик оозеки чыгармачылык
Салттуу ашкана
Салттуу кол өнөрчүлүккө байланыштуу билимдер жана тажрыйбалар
Салттуу оюндар
Аткаруучулук өнөр
Каада-салттар, ырым-жырымдар, майрамдар

Топтолгон маалымат филология илимдеринин доктору, профессор, Казакстан Республикасынын Илим жана билим берүү министрлигинин Илим комитетине караштуу С. О. Ауэзов атындагы Адабият жана искусство институтунун Башкы илимий кызматкери, Алимжан Хамраев тарабынан тастыкталды.