Кыргызстандагы уйгур элинин каада-салттары, ырым-жырымдары жана майрамдары алардын бейзаттык маданий мурасынын салмактуу бөлүгү болуп саналат. Алар салттуу баалуулуктар, диний жана үй-бүлөлүк түшүнүктөр, ошондой эле элдик оозеки чыгармачылыктын көркөмдүгү менен тыгыз байланышкан. Бул түшүнүктөр адамдын жашоосунун бардык негизги учурларын жана баскычтарын камтыйт