Уйгур элинин аткаруучулук өнөрү жөн гана музыкалык көркөм чыгармачылыкты көздөбөстөн, руханий жана таалим-тарбиялык мааниге да ээ. Аткаруучулук аркылуу маданий баалулуктар жана тарыхый эс тутум муундан-муунга өткөрүлүп келет. Өнөр ар курактагы адамдарды бириктирип, тилди жана салттарды сактоого өбөлгө түзөт, ошондой эле Кыргызстандагы уйгур коомчулугунун элдүүлүгүн аныктоодо маанилү орун ээлейт.