Айгине маданий-изилдөө борбору 2004-жылдан бери касиеттүү жайларга зыярат кылуу салтын жана ал жерлерде аткарылган ырым-жырымдарды өлкө боюнча изилдеп келет. Ал изилдөөлөргө ылайык, бүгүнкү күндө Кыргызстандагы касиеттүү жерлерди ар кандай мүнөздөмөлөргө жараша топтоштурууга болот: табигый, тарыхый, Манас менен байланышкан, Ислам менен байланышкан, ыйык ата-бабаларга байланышкан жана аралаш түрдөгү касиеттүү жерлер.
Айгине МИБнун изилдөөлөрүнүн негизинде, Баткен боюнча 116 жер; Жалал-Абад боюнча 145, Ысык-Көл облусу боюнча 160, Нарын боюнча 305, Ош боюнча 151, Талас боюнча 172, ал эми Чүй боюнча 192 касиеттүү жер тизмеге алынып, картага түшүрүлгөн.