Касиеттүү жерлерге зыярат кылуу, ал жерлерди таюу – кандайдыр бир максатка жетүүнү ниет кылып, жеке турмуштук абалды өзгөртүүнү тилек кылып касиеттүү жерге барып атайын ырым-жырымдарды жасап, табият менен баарлашып, жаратканга ачылып, ички жан дүйнө тынчтыгына келүү абалы. Мындай жерлерге зыярат кылууда өз эрежелери жана жазылбаган мыйзамдары калыптанган. Бул эрежелер ал жерлердин тазалыгын сактоого, аларга сый-урмат менен мамиле кылууга жана табият менен шайкеш жашоого негизделген.