Жаратылыштын айрым жерлерин, байыртадан кыргыздар жараткандын мээри түшкөн өзгөчө жер катары кабылдап, ал жерлер «ээлүү», «ээси бар» деп ишенишкен. Бул касиеттүү жерлерде өзгөчө бак-дарак, булак, тоо-таш, үңкүр, дөбө, көлмө сыяктуу табигый көрүнүштөр же болбосо ар кандай курулуштар орун алган. Андай жерлерге барган адам жан дүйнөсү балкып, тынчтыкка бөлөнүп, жеңилденген. Ошондой эле, мындай жерлерде кишинин ойлогон ой-тилеги, ниети орундалып, каалаган нерсеси ишке ашат деген ишеним артылган. Кыргыздар илгертен мындай жерлерди – «касиеттүү жер», «ыйык жер» же «мазар» деп атап келишкен.
—
Бул бөлүм Айгине МИБдин көп жылдан берки өнөктөшү, тилектеши, жөлөк-таягы – сүйүктүү Жумагазы Садыр уулунун жаркын элесине арналат.
Жумагазы абанын жасаган иштери, киргизген жаңылыктары, жараткан ойлору жана жазган эмгектери кыргыздардын элдүүлүгүн, тилин, дилин жана маданий мурасын сактоого, өнүктүрүүгө жана чыңдоого зор өбөлгө түзүп жалпы коомчулукка дем-күч берип келген. Жумагазы абанын калтырган мурасы жана кыргыз дүйнөсүнө болгон ак ниети биз үчүн үлгү болуп, кийинки иш-аракеттерибизге жол көрсөтүп турат деген ишеним артабыз.
