Салттуу тамак-аш даярдоо билими жана ыкмалары

Кыргыз элинин көчмөн ашканасы – бул байыркыдан бери калыптанган жана муундан-муунга өткөн улуттук тамак-аш маданияты. Ал көчмөн элдин күнүмдүк жашоо тиричилигине негизделип, жаратылыш шарттарына ыңгайлашкан жана кыргыз элинин экономикалык, коомдук жана маданий турмушунун ажырагыс бөлүгүн түзөт. Тамак-аштын түрлөрү жана аларды даярдоо ыкмалары кыргыздардын турмуш-тиричилигинин, жаратылышка болгон аяр мамилесинин жана сарамжалдуулугунун чагылдырмасы болуп саналат.

Сайтта берилген маалымат Айгине маданий-изилдөө борбору тарабынан ЮНЕСКОнун Бейзаттык маданий мурас фонду колдогон «Кыргызстандын бейзаттык маданий мурас дүйнөсүнө санариптик саякат» долбоорунун алкагында даярдалды.