Кыргыз элинин салттуу музыкасы – бул жөн гана өнөр эмес, терең тарыхый негизге ээ, оозеки салт аркылуу сакталып келген бай маданий мурас. Ал аткаруучулук жана аспаптык музыка, күүчүлүк, обончулук сыяктуу негизги тармактарды камтып, кыргыз элинин руханий дүйнөсүн, тарыхын жана турмуштук тажрыйбасын чагылдырат. Кыргыз музыкасы элдин жашоо-турмушун коштоп, аскердик жүрүштөрдөн баштап, салтанаттуу майрамдарга, ырым-жөрөлгөлөргө жана күнүмдүк турмушка чейин кеңири колдонулуп келген. Бул өнөр элдин биримдигин чыңдап, маданий өзүн-өзү таануусун бекемдеп, улуттук руханий баалуулуктарды муундан муунга өткөрүп келген. Музыкалык чыгармалар аркылуу кыргыз эли ички сезимдерин, жаратылыш көрүнүштөрүн, тарыхый окуяларды, баатырдык образдарды жана коомдук турмушту сүрөттөгөн. Элдик музыкалык мурас адам тарбиялоо, коомдук байланышты чыңдоо жана көркөм өнөрдү байытуу милдетин аткарган.
Кыргыздын музыкалык маданиятынын калыптанышында “устат-шакирт” салты чоң маанини ойногон. Бул салт Бука, Балык, Музооке, Арстанбек, Абак, Күрөңкөй, Ниязалы, Мураталы, Нусубалы, Токтогул, Асанбай, Карамолдо, Ыбырай, Атай сыяктуу улуу өнөрпоздордун чыгармачылыгы жана аткаруучулук маданияты аркылуу даана байкалат.
Кыргыз салттуу музыкасы ар түрдүү музыкалык аспаптарда аткарылган, алардын ичинде комуз, кыл кыяк, чоор, темир комуз, добулбас өзгөчө орунду ээлейт. Бүгүнкү күндө бул мурас Кыргыз улуттук консерваториясында, Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде тереңдетилген билим берүү программалары аркылуу окутулуп, жаш муундарга үйрөтүлүүдө.
