Оозеки чыгармачылык жана айтуучулук өнөр

Кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгы – бул улуттун кылымдар бою муундан муунга оозеки түрдө өтүп, кыргыз элинин тарыхын, дүйнө таанымын, каада-салтын, баалулуктарын, ой-жүгүртүүсүн, акылмандыгын жана турмуштук тажрыйбасынын чагылдырган жандуу маданий мурас. Ал баяндар, дастандар, ырлар, жомоктор, уламыштар, тамсилдер, айтымдар, макал-ылакаптар, кошоктор, санат-насыяттар жана башка чыгармачылыктын түрлөрүн камтыйт.