Салттуу кол өнөрчүлүк билими, ыкмалары жана буюм-тайымдары

Кыргыздардын кол өнөрчүлүгү негизинен мал чарбачылыгы менен байланышып келген. Ал баккан малынын этин жеп, сүтүн ичип, жүнүнөн, терисинен, сөөгүнөн күнүмдүк колдонулуучу буюмдарды, кийим-кечелерди жасап колдонгон. Буюм тайымдарды, жасалгаларды, кийим кечени көркөмдөө кыргыздардын руханий жан дүйнөсүнүн байлыгын жана жаратылышка болгон сүйүүсүн көрсөткөн. Көркөм өнөрдөгү өзгөчө табит, түс тандоо, жаратылыштан алган көркөм көчөттөр, оюларды чеберчиликтин бийик деңгээли менен колдонуп чыныгы бейзаттык мурас жаратышкан.


Бул бөлүм сүрөтчү, мыкты уюштуруучу жана келечекти көрө билген көсөм инсан сүйүктүү Динара Чочунбаевага арналат.

Динара эже Кыргызстан эгемендүүлүктү алып, жаңы доорго жол таштап жатканда салттуу маданиятты илгерилетип, өнүктүрүү жана аны сактоо багытында улуу жолго чыйыр салды. Кыргыз салттуу маданиятын, анын ичинде салттуу кол өнөрчүлүктү өнүктүрүүгө зор салымын кошкон адис эле. Салттуу кол өнөрчүлүктү даңазалоо жана кол өнөрчүлөрдүн башын бириктирген «ОЙМО» эл аралык фестивалынын негиздеди. Фестивал жаңылыктын, тажрыйба алмашуунун, достукту жана биримдикьи чыңадаган ордо, ишкерликти илгерилеткен аянтча болуп калды. «Ала кийиз жана шырдакты» ЮНЕСКОнун Адамзаттын бейзаттык мурастар тизмесине катоодо эбегейсиз эмгек кылып, зор салым кошту. Динара эжебиз өмүр таржымалы, жасаган иштери кийинки муунга өрнөк жана багыт болуп кала берет.