Кыргыз дүйнө таанымында каада – бул нускалуу жол болсо, салт менен ырым – ал жолду түздөп оңуна бура турган аракет, дем же жосун деп кабылдасак болот. Ал нускалуу жолду, андагы барктуу жосунду байыркы бабалар түптөп, ар бир кыргызга табыштап кеткен. Ал нускалуу жол Кыргыздын ким экендигин аныктап, кыргыздык улуу наркын баалап турат. Ал эми үрп-адаттар – күнүмдүк турмуш тажрыйбасында улам клыптанып, кыргыздык мүнөзгө айланып калган түшүнүктөр. Ушул элдик каада-салтыбызда, наркыбызда, тыюлар кишини жаманыктан, туура эместиктен кайтарып, калпыстык кылуудан сактап келген.