Салттуу күүлөр

Дунгандардын салттуу обондору кытайлык музыкалык негизге, башкача айтканда, пентатоникага (беш добуштан турган ладга) таянат.
Миласы «Сандадур», «Шылизыдур», «Санбоцы» аттуу күүлөр концерт башталарда чертилүүчү обондуу күүлөргө кирет.

«Сандадур» – үч музыкалык бөлүктөн турат жана ансамблдер өзүнүн аткаруусун дал ушул күү менен баштайт.

«Шылизы дур» – он ай бою каарман катышкан окуяларды сүрөттөгөн ыр. Бул обон башка музыкалык чыгармаларга да ылайыкталып колдонулат.

«Сан Бо» – «Үч асылдын обону» деп чечмеленген кооз обондуу күү.
Буларды азыр айыл жергесиндеги фольклордук ансамблдер, негизинен улуу муундун ышкыбоздору аткарып жүрүшөт. Бирок жаш муундун кызыгуусу жана мураскорлугу алсыз болгондуктан, салттуу дунган күүлөрүн аткаруу жоголуп кетүү коркунучунда турат.

Сайтта берилген маалымат Айгине маданий-изилдөө борбору тарабынан ЮНЕСКОнун Бейзаттык маданий мурас фонду колдогон «Кыргызстандын бейзаттык маданий мурас дүйнөсүнө санариптик саякат» долбоорунун алкагында даярдалды.