Дунган элинин каада-салттары, ырым-жырымдары жана майрам-салтанаттарыдары маданий өздүктү сактоодо жана руханий баалуулуктарды муундан муунга өткөрүүдө чоң мааниге ээ. Алар жашоонун негизги баскычтарына – бала төрөө, үйлөнүү жана коштошуу (жерге берүү) менен байланышкан. Бул жашоо баскычтары муундардын тукум улантуусун белгилеген атайын диний ырым-жөрөлгөлөр менен коштолот.
Маанилүү орунду «көп бүлөлү үй-бүлө» түшүнүгү жана улууларды урматтоо ээлейт. Бул түшүнүк үй-бүлөлүк салттарда жана жөрөлгөлөрдө айкын көрүнүп турат.
