Борбор Азияга көчүп келгенде дунган эли өздөрү менен бирге Түндүк-Батыш Кытайдан руханий маданияты менен катар элдик оозеки чыгармаларын да алып келишкен. Алар ырларга, макал-лакаптарга, табышмактарга жана уламыштарга бай болгон. Бул чагармалардын ичинде элдин акыл-насааты чагылдырылып, сараңдык менен диний эки жүздүүлүк сынга алынып, жакырлардын акыл-эси менен боорукерлиги даңазаланат. Тили өтө таамай жана көркөм, ал эми айрым макал-лакаптар ыр түрүндө да айтылат.
Элдик оозеки чыгармалар дунган элинин ар бир тарыхый баскычын, акыл-насаатын, адеп-ахлагын, көркөм табитин жана ички дүйнөсүн камтып, улуттун тарыхый калыптанышынын өзгөчө көркөм жылнаамасы катары кабылдат.