«Дю фон» – «төрт бурчтукту түзүү» дегенди билдирет. Алгач жерге 12×12×12 көзөнөктүү тор сызылат. Ар бир оюнчу кезеги менен бир таякчаны, экинчиси ташты, дагы бири таякчаны тордун кесилишине коюп чыгат. Максат – өз белгиңди пайдалуу жайгаштырып, атаандашына жол бербей кармоо.
Бардык көзөнөктөр толгондон кийин ар бир оюнчу атаандашынан бирден белги алып салууга укук алат. Ошондон тартып оюн кызый баштайт. Ким «төрт бурч» («фон») түзсө, ошол атаандашындагы бир белгини алып сала алат. Кээде бир эле сызыктын бою менен эки «төрт бурч» пайда кылса болот, анда белги бир «фон»дон экинчисине өтүп, кайрадан атаандаштын белгисин алуу мүмкүнчүлүгүн берет.
Эгер оюнчу бекем түзүлүш курса, аны «да бусы» – «өлбөс» деп аташат. Бирок эгер кошумча коргоочу белгилери жок болсо, атаандаш аны бузуп жибериши мүмкүн. Ал эми ким биринчи болуп өз белгилеринен 12 көзөнөккө түз «сызык» куруп чыкса – ошол замат жеңишке жетет.
Бул акыл оюнун негизинен улуу адамдар жана бойго жеткен жаштар ойнойт. Жапон элинин «Го» оюнуна окшош.
Бүгүнкү күндө бул оюн жоголуу коркунучунда турат.