Дунган элинин салттуу оюндары көңүл ачуу менен гана чектелбей, маданий жана тарбиялык мааниге да ээ болгон. Алар балдардын шамдагайлыгын, стратегиялык ой жүгүртүүсүн өстүрүп, коомдоштуктун ичинде ынтымакты бекемдеген. «Фа бишы» (чүкө оюну), «ти җянзы» (лянга) сыяктуу оюндар муундан муунга өтүп, элдин тарыхый каада-салттарын жана жашоо таризин чагылдырган. Ал эми «дю фон» сыяктуу акыл оюндар логикалык ой жүгүртүүнү, тактикалык көндүмдөрдү өнүктүрүүгө жардам берген. Учурда бул оюндардын көпчүлүгү жоголуу коркунучунда турат. Ошондуктан аларды сактап калуу жана заманбап дунган коомдоштуктарынын арасында жайылтуу абдан зарыл. Төмөндө берилген маалыматтар оюндар тууралуу жалпы таанышуу иретинде гана берилип, толук кандуу бардык салтуу оюндардын тизмесин камтыбайт.