Салттуу кол өнөрчүлүк

Дунган элинин салттуу кол өнөрчүлүгү тарыхый жана маданий жактан чоң мааниге ээ. Ал элдин өзгөчөлүгүн, көркөм түшүнүгүн жана дүйнө таанымын чагылдырат. Сайма саюу өнөрү, зергерчилик, улуттук кийимдерди жана тиричилик буюмдарын жасоо көркөм табитти белгилеген. Ошону менен бирге узак жашоо, бакыт жана үй-бүлөлүк тынчтык тилегин билдирген касиеттүү мааниге да ээ болгон. Саймаларда жана зер буюмдарда колдонулган оймолор муундан муунга өтүп, элдин салттуу образдарын жана ишенимдерин сактап келген. Азыркы замандын өзгөрүүлөрүнө карабастан, айрым кол өнөрчүлүк салттары али да жандуу жашап келет, бирок жоголуп кетүү коркунучунда турат. Дунган элинин кол өнөрчүлүк мурасы сактап калуу жана жайылтуу чараларын шашылыш түрдө талап кылат.

Сайтта берилген маалымат Айгине маданий-изилдөө борбору тарабынан ЮНЕСКОнун Бейзаттык маданий мурас фонду колдогон «Кыргызстандын бейзаттык маданий мурас дүйнөсүнө санариптик саякат» долбоорунун алкагында даярдалды.