Салттуу билимдер жана тажрыйбалар

Дунган элинин салттуу билимдери менен тажрыйбалары жашоонун көптөгөн тармактарын камтыйт. Алардын ичинде элдик дарыгерлик, жаратылыштын мезгил бирдиктерине ылайык жашоо, үй-бүлөлүк тазалык жана ден соолукту чыңдоочу ыкмалар бар. Бул билимдер муундан муунга өтүп, адам менен жаратылыштын байланышын терең түшүнүүгө негизделген. Дунган эли колдонуп келген салттуу дарыгерчилик ыкмалардын айрымдары – шыбак же эрмен менен басуу (жю), денедеги белгилүү чекиттерди басуу (чя), денени ушалоо жана укалоо (хо ми). Ошондой эле мезгилдин алмашуусуна байланышкан ырым-жырымдар жана «комети» деп аталган тазалык, жүрүм-турум эрежелери чоң мааниге ээ болгон. Ушул сыяктуу билимдер дунган элинин маданий өзгөчөлүгүн калыптандырып, эл ичинде али да болсо бирин-серин жашап келет.

Сайтта берилген маалымат Айгине маданий-изилдөө борбору тарабынан ЮНЕСКОнун Бейзаттык маданий мурас фонду колдогон «Кыргызстандын бейзаттык маданий мурас дүйнөсүнө санариптик саякат» долбоорунун алкагында даярдалды.