Суудундуктар

«Ца» – чай, дунгандардын негизги суусундугу, күн сайын колдонулат: кара (кызыл), көк ж.б. Күндөлүк тамакта чайды атайын чайничке демдеп ичет. Конокторго жана улуу адамдарга урмат-сый көрсөтүү үчүн чайды өзүнчө чыныга демдеп беришет. Мындайча даярдалган чай даамы канык, жыты жыпар болуп чыгат. Бул чайды адатта «ца езы» – «чай жалбырак» деп аташат.