Камыр азыктары

Камырдан жасалган даам-тамактарга ар түрдүү нан, токочтор, пирожкилер жана таттуу-тарапалар кирет. Камырдан жасалган азыктардын ичинен кесмелердин түрлөрү өзгөчө орунда турат. Алар көбүнчө жашылчалар, жыпар жыттуу чөптөр жана ар кандай татымдар менен кошо берилет. Ошондой эле дунгандардын дасторкондорунда түрдүү чүчпаралар кездешет. Анын ичинен бууга бышырылган «бозы» (элге кеңири белгилүү аты – «манты») эң белгилүү тамактардын бири болуп саналат.

Сайтта берилген маалымат Айгине маданий-изилдөө борбору тарабынан ЮНЕСКОнун Бейзаттык маданий мурас фонду колдогон «Кыргызстандын бейзаттык маданий мурас дүйнөсүнө санариптик саякат» долбоорунун алкагында даярдалды.