Дунгандардын салттуу тамак-ашка байланыштуу билим-тажрыйбалар алардын көчүп-конгон тарыхын, жаңы жерге ыңгайлашуусун жана маданий өзгөчөлүгүн сактап калганын чагылдырат. Салттуу даам-тамактарды дяардоодогу салтуу билим-ыкмалары дунган элинин каада-салттары, майрамдары жана турмуштук жөрөлгөлөрү менен тыгыз байланышкан. Ал конок тосуу, ата-бабаларды урматтоо жана табият менен шайкеш жашоо сыяктуу баалуулуктарды чагылдырат. Негизги орунду камырдан жасалган азыктар, ар кандай кесмелер, эт жана жашылча тамактары, ошондой эле салттуу суусундуктар ээлейт. Айрым тамактар, мисалы, айрым нан-токочтор же маркумду эскерүүдө даярдалчу даамдар диний ырымдар менен коштолот. Ал эми майрам-салтанаттарга арналган дасторкон даамдары токчулукту, үй-бүлөнүн ынтымагын жана берекесин белгилейт.
Бул жерде берилген салттуу даамдардын тизмеси толук кандуу болбосо да негизги дунган даамдарын чагылдырат.