«Cүннәткә олтурғузуш» – диний негизге таянган, кеңири жайылган майрамдардын бири. Ар бир уйгур үй-бүлөсүндө уул балдар «сүннөткө олтургузуу» (хатна той) жөрөлгөсүнөн өтүшөт. Бул салт муундан муунга өтүп келген. Майрамга тууган-урук, ымалалаш достор, кошуна-колоңдор, кесиптештер чогулушат. Балага белектер жана акча тартууланат. Сүннөт жөрөлгөсүнөн кийин, адатта, үйлөнүү тоюна тете чоң той өткөрүлөт.
Кыргызстандын уйгур коомдоштугу жашаган бардык аймактарында. Айрыкча Бишкек шаарында жана анын айланасында, Чүй облусунун Ысык-Ата жана Аламүдүн райондорунда; Ош облусунун Кара-Суу районунда; Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында, ошондой эле Баткен жана Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде
Жандуу, кеңири кездешет