/ Кыргыз элинин бейзаттык маданий мурасы / Салттуу оюндар
Эр сайыш

Эр сайыш – кыргыздардын байыркы аскердик оюн-зоокторунун бири. Бул оюн илгерки жоокердик жүрүштөрдөн баштап эл турмушуна сиңип келген. Совет доорунда эр сайышка тыюу салынып, учурда дээрлик унутта калган.

Эр сайыш – бул согуштук демократиянын бир түрү болгон. Илгери кандуу салгылашуудан качуу үчүн эки тарап келишип, баатырларын эр сайышка чыгарган. Эгер кайсы тараптын баатыры найза менен атаандашын ээрден сууруп түшүрсө, ошол тарап жеңүүчү деп табылган.

Бүгүнкү күндө бул оюн эл арасында дээрлик өткөрүлбөйт, көбүнчө тарыхый уламыштарда гана айтылат. Азыр улуттук оюндар федерациясы бул оюундун кандайдыр бир көрүнүштөрүн кайра жандандыруу аракетин көрүүдө.

Аймак

Кыргызстандын бардык аймактарында кездешкен

Абалы

Унутта калган

Коомдоштук

  • Салтуу кыргыз үй-бүлөлөрү
  • Салттуу билим ээлери
  • Мугалимдер жана дене тарбиячылар
  • Фольклордук ансамблдер жана этномаданий бирикмелер
  • Салтуу жаштар уюмдары жана бирикмелери
  • Спорт федерациялары

Коргоо иштери

  • Маданий мурас катары изилдөө, сактоо жана өнүктүрүү боюнча атайын демилгелер жана иш-чаралар чанда кездешкени менен улуттук оюндар федерациясы бул оюундун кандайдыр бир көрүнүштөрүн кайра жандандыруу аракетин көрүүдө.

Адабият/Шилтеме

  • Алимбеков А. Кыргыз этнопедагогикасы. Б., 1996.
  • Анаркулов Х.Н. Кыргыз эл оюндары. – Ф., 1981.
  • Максутов Т. Мырсабеков А. Улуттук педагогиканын негиздери. – Ош, 1996.
  • Саралаев М. Кыргыздын улуттук спортунун түрлөрү. Ош, 1993.
  • Сейдалиев К. Элдик педагогиканын булактары. – Ош, 1998.