/ Кыргыз элинин бейзаттык маданий мурасы / Салттуу оюндар
Оодарыш

Оодарыш – кыргыздардын ат үстүндөгү күч сынашуусунун бир түрү. Бул оюн көчмөн малчылар арасында кеңири белгилүү.Оодарыштын максаты – эки жигиттин ким бири-бирин ээрден оодарып жерге түшүрсө, ошол жеңүүчү деп табылат. Мелдешке 19 жаштан жогорку күчтүү жигиттер катышат. Ат да ээси менен бирге аракет кылып, оодарышка ылайыктуу, тың болушу керек. 1958-жылы оодарыш СССРдин ат спорту боюнча жалпы союздук программага киргизилген.

Оюн эрежеси

Мелдештин узактыгы 10 мүнөт, ортосунда бир эс алуу болот. Оюн талаасынын диаметри кеминде 45 м болушу шарт. Катышуучулар беш салмак категориясында мелдешет: 50 кг, 60 кг, 70 кг, 80 кг жана оор салмак (80 кг жогору). Оюнчуларга атайын калың шым, бутуна саптама, белине байланган жоолук талап кылынат – атаандаш дал ошол жоолуктан кармап оодарууга тийиш. Эгер бул эрежелер сакталбаса, оюн токтотулат.

Аймак

Кыргызстандын бардык аймактарында кездешет

Абалы

Жандуу

Коомдоштук

  • Жеке оодарыш оюнчулары
  • Салтуу кыргыз үй-бүлөлөрү
  • Салттуу билим ээлери
  • Мугалимдер жана дене тарбиячылар
  • Салтуу жаштар уюмдары жана бирикмелери
  • “Оодарыш” федерациясы

Коргоо иштери

  • Кыргызстанда атайын “Оодарыш” федерациясы түзүлүп, өтүү эрежелери расмий бекитилген.
  • Ар жыл сайын уюштурулуп келе жаткан республикалык жана эл аралык маданий иш-чаралар, таймаштар оодарыштын чеберчилигин көрсөтүп, жаштардын кызыгуусун арттырууда.
  • Маданий мурас катары изилдөө, сактоо жана өнүктүрүү маалымат адабий булатарда, илимий макалаларда жана дене тарбия сабактарына ылайыкталган окуу программаларында кездешет.
  • Таймаштарда, маданий иш чараларда, майрам-салтанаттарда маданий мурас катары көрсөтүлүп, ойнолуп келет.
  • Күнүмдүк турмушта улуу муундан жаш муунга тарбия берүү иретинде жана тажрыйба бөлүшүү жолу менен сакталып келет.

Адабият/Шилтеме

  • Алимбеков А. Кыргыз этнопедагогикасы. Б., 1996.
  • Анаркулов Х.Н. Кыргыз эл оюндары. – Ф., 1981.
  • Максутов Т. Мырсабеков А. Улуттук педагогиканын негиздери. – Ош, 1996.
  • Саралаев М. Кыргыздын улуттук спортунун түрлөрү. Ош, 1993.
  • Сейдалиев К. Элдик педагогиканын булактары. – Ош, 1998.