/ Кыргыз элинин бейзаттык маданий мурасы / Салттуу оюндар
Жамбы атмай

Жамбы атмай – кыргыздардын эң байыркы спорттук оюн-зоокторунун бири, кыргыз фольклорунда көп жолу эскерилет. Илгери бул оюн жоокерлердин жаа атуу чеберчилигин сынаш үчүн өткөрүлгөн. Жигит ат үстүндө чаап баратып, бийик шырга асылган «жамбыны» жаа менен атып түшүргөн. «Жамбы» – алтын же күмүш куюму, байыркы заманда акча ордуна колдонулган. Анын көлөмү ар кандай болгон, бирок көбүнчө кулундун туягындай болгондуктан «тай туяк жамбы» деп аталган. Илгери бул оюнда чоң байгелер – күлүк аттан тартып, бүтүндөй жылкы үүрүнө чейин, алтын-күмүш байгелер коюлуп келген.

Учурда жамбы атуу чоң майрамдарда, эл көп чогулган жерде өткөрүлөт. Бул оюн азыр унутулуп бара жаткан улуттук оюндардын бири болсо да, акыркы жылдары аны кайра жандандыруу аракеттери көрүлүүдө.

Оюн эрежеси

Алгач жамбыга жаа менен атышса, кийинчерээк ок атуучу курал колдонууга өткөн. Мелдешке 16 жаштан жогорку жигиттер катышкан. Мелдеш талаасы айыл четинде жайгашып, кеминде 500×500 метр аянт болушу керек. 10-15 метр бийиктикте атайын шырга орнотулат. Жамбысын фанерадан же картондон жасап, кутуча формасында, кара түскө боёп илишет. Атчан жигит шырга жетпей 70-75 метр алыстан, кээде 25–30 метр жакын жерден атып жамбыны түшүрүүгө аракет кылат. Айрым учурда жөө атуучулар да катыша алышат, бирок алар 100 метр алыстан атышат.

Аймак

Кыргызстандын бардык аймактарында кездешет

Абалы

Сейрек кездешет

Коомдоштук

  • Жеке спортчулар
  • Салтуу кыргыз үй-бүлөлөрү
  • Салттуу билим ээлери
  • Мугалимдер жана дене тарбиячылар
  • Фольклордук ансамблдер жана этномаданий бирикмелер
  • Салтуу жаштар уюмдары жана бирикмелери
  • Спорт федерациялары

Коргоо иштери

  • Маданий мурас катары изилдөө, сактоо жана өнүктүрүү боюнча атайын демилгелер жана иш-чаралар чанда кездешкени менен мурас жөнүндө маалымат адабий булатарда, илимий макалаларда кездешет.
  • Жамбы атмай өнөрү Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын алкагында өзүнчө улуттук спорттун түрү катары көрсөтүлүп, эл аралык деңгээлде таанылып келет.
  • Маданий иш чараларда, майрам-салтанаттарда маданий мурас катары көрсөтүлүп, ойнолуп келет.
  • Күнүмдүк турмушта улуу муундан жаш муунга тарбия берүү иретинде жана тажрыйба бөлүшүү жолу менен сакталып келет.

Адабият/Шилтеме

  • Алимбеков А. Кыргыз этнопедагогикасы. Б., 1996.
  • Анаркулов Х.Н. Кыргыз эл оюндары. – Ф., 1981.
  • Максутов Т. Мырсабеков А. Улуттук педагогиканын негиздери. – Ош, 1996.
  • Саралаев М. Кыргыздын улуттук спортунун түрлөрү. Ош, 1993.
  • Сейдалиев К. Элдик педагогиканын булактары. – Ош, 1998.