Көк бөрү – ат үстүндө ойнолуучу кыргыздардын эң байыркы улуттук оюн-зоокторунун бири. Эл ичинде жашаган уламышта «көк бөрү» аталышы байыркы заманда айыл жигиттери малга кол салган бөрүнү жазалоо иретинде аны кууп барып кармап, жерден алып ат үстүндө бөктөрүп, бири-биринен тартып алуу максатында жаралган деп айтылат.
Бүгүнкү күндө көр бөрү спорттук оюнга айланып так эрежелери жазылган. Атайын машыккан оюнчулар жана аттар менен оюн жүрөт. Бирок калың эл арасында көк бөрү кеңири ойнолот. Айыл жерлеринде күз-кыш айларында, жумуш азайганда, жаштар топ-топ болуп бөлүнүп, айылдан айылга оюн уюштурушат. Бул оюн жаштарды биримдикке чыкырып, оюнчуну чыдамдуулукка, экртүүлүккө, чечимдүүлүккө, сабырдуулукка тарбиялайт.
Оюн түз аянтта өткөрүлөт. 10–15 жаштагы өспүрүмдөр да өз кунандарына минип катыша алышат. Илгери оюнчулардын саны чектелген эмес. Бүгүнкү күндө башы кесилген улак (серке) колдонулат, ошондуктан оюн «улак тартыш» деп да аталат. Улактын эң жеңили 15 кг, кээде 40 кг чейин жетет. Жигит улакты жерден жулуп алуу үчүн күчтүү болушу керек, андан соң аны казанына жеткирүү – эң чоң максат. Ар бир улак казанга ташталганда топ упай алат.
Оюнда атайын калыстар болуп, упайды эсептейт жана эреженин бузулбашын көзөмөлдөйт. Калыстар оюнчулардын чыдамкайлыгын, шамдагайлыгын, айлакерлигин жана күчүн да баалашат. Улакты алган оюнчу казанына жетүүгө аракет кылат, керек болсо жолдошуна берет, бирок көбүнчө өзү жеткирип таштайт.
Кыргызстандын бардык аймактарында кездешет
Жандуу