Жорго салыш – кыргыз элинин эң баалуу жана сүйүктүү оюн-зоокторунун бири – жорго жарышы. Илгери жорго салыш аш-тойлордо өткөрүлүп келген. Кыргыздар жоргону басышына жараша «чалма жорго», «төкмө жорго», «жол жорго» деп айырмалашкан. Жорго минген киши жолдун узактыгына карабай чарчабайт деген ишеним жашайт. «Манас» эпосунда Көкөтөйдүн ашындагы окуяда жорго салышка өзгөчө орун берилет. Ошондой эле «Шырдакбектин боз жорго» деген атактуу комуз күүсү бар, анда хан Шырдакбектин жоргосунун образы күү менен өтө чоң чеберчиликте берилген.
Учурда жорго салыш чоң аш-тойлордо өткөрүлү чоң байгелер – автоунаа, ири акчалай сыйлыктар коюлуп, тойдун көркүн элдин канын кызыткан оюн-зоок болуп эсептелет.
Бүгүнкү күндө жорго жарыштар ипподромдордо, атайын тегерек айлампа талаада өткөрүлөт. Эрежеге ылайык жоргонун үстүндө жарыш башталгандан тартып аягына чейин бир эле чабандес отурушу керек, башка адамга берүү тыюу салынат. Жарыш аралык 2-10 км болуп, бүт жолду жорго жүрүшүндө басып өтүү зарыл. Эгер аралык 3 кмге чейин болсо, 5 жолу жаңылууга, 5-10 км болсо 10 жолу жаңылууга уруксат берилет. Бирок жеңүүчү – бардык катышуучулардан аз жаңылган же такыр жаңылбаган жорго менен чабандес эсептелет.
Кыргызстандын бардык аймактарында кездешет
Жандуу