/ Кыргыз элинин бейзаттык маданий мурасы / Салттуу оюндар
Алым сабак

Алым сабак – айтыштын бир түрү болгон акыл өнөрү катары саналат. Бул өнөрдө бир акын белгилүү бир багытта ыр баштап, экинчи акын ошол эле багытты улап, биринчи акындын оюн андан ары өнүктүрүп кетиши керек. Эреже боюнча, акын темадан четтеп кетпестен, сөз оюнун, ырдын ыргагын сактап, башталган ойду улап ырдайт. Айрым учурда биринчи акын суроо берип, экинчиси жооп кайтарат. Алым сабак аркылуу акындар өз шакирттерин сөз чеберчилигине, ырдын ыргагын сактоого жана акындык өнөргө үйрөтүшкөн.

 

Мисал катары Көбөк менен Талым кыздын алым сабагын айтса болот: анда Талым кыз Көбөккө ар кандай философиялык суроолорду берип, анын акылын сынайт. Көбөк бардык суроолорго татыктуу жооп берип, жеңип чыгат. Ошондой эле атактуу акындар Токтогул менен Эшмамбеттин алым сабагы белгилүү, анда алар бири-бирин толуктап, калп айткан молдону шылдыңдап ырдашат:

Эшмамбет:

«Дайыма алдап жеп жүргөн,

Даараты жок калпам, ай.»

Токтогул:

«Дардаңдаба анчалык,

Дадаңа наалат калпам, ай.»

Аймак

Кыргызстандын бардык аймактарында кездешет

Абалы

Жандуу

Коомдоштук

  • Салтуу кыргыз үй-бүлөлөрү
  • Салттуу билим ээлери
  • Акындар
  • Кыргыз улуттук «Манас» театры
  • Айтыш” коомдук фонду
  • “Айтышкер” акындар бирикмеси
  • “Актаңдай”, “Жез таңдай” коомдук фонду

Коргоо иштери

  • 2008-жылы “Акындар өнөрү”, ал эми 2015-жылы “Айтыш өнөрү” ЮНЕСКОнун Адамзаттын бейзаттык маданий мурастарынын Өкүлдүк тизмесине расмий түрдө катталган. Бул таануу төкмөлүктүн эл аралык деңгээлде маданий мурас катары бааланып, кыргыздын оозеки поэзиялык салтын, жандуу сөз өнөрүн сактоо жана жайылтуудагы маанисин тастыктаган ири кадам болгон.
  • Ар жыл сайын өткөрүлүп келген республикалык жана эл аралык айтыштар акындардын өнөрүн кеңири коомчулукка таанытып, жаш муун арасында кызыгуу жаратууга жана жаңы таланттарды өстүрүүгө чоң өбөлгө болууда. Бул иш-чаралар аркылуу төкмөлүк салты жандуу сакталып, маданий улантуучулук үзгүлтүксүз камсыздалууда.
  • Акындардын чыгармачылыгы боюнча китептер, аудио жана видеожазмалар чыгарылып, телекөрсөтүүлөр, даректүү тасмалар жана социалдык тармактар аркылуу кеңири жайылтылып келет. Бул өнөрдү санариптештирүү аркылуу сактап калуу багытында маанилүү кадамдар жасалууда.
  • Жыл сайын 31-август КРдын Эгемендүүлүк күнүнө карата эл аралык айтыш жана андан сырткары жылына 3-4 ирет республикалык айтыштар уюштурулуп келе жатат.

Адабият/Шилтеме

  • Алимбеков А. Кыргыз этнопедагогикасы. Б., 1996.
  • Анаркулов Х.Н. Кыргыз эл оюндары. – Ф., 1981.
  • Кыргыз адабияты: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактор: Ү. Асанов; Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. – Бишкек, 2004. – 254 б.
  • Кыргыз адабиятынын тарыхы. Т. 1–3. – Бишкек, 2004.