/ Кыргыз элинин бейзаттык маданий мурасы / Салттуу оюндар
Тогуз коргоол

Тогуз коргоол – кыргыздардын байыркы акыл оюнунун бири. Атайын жыгачтан жасалган тактайда ойнолот. Тактайдын эки тарабында тогуздан оюк болот (сегизи чакан, ортосундагы чоңу «казан» деп аталат). Оюн үчүн болжол менен 162 даана майда тоголок таш кондонулат же болбосо койдун корголундай өлчөмдөгү мончоктор жасалып колдонулат.

Тогуз оюктун ар бири өз аталышына ээ:

  1. Ооз
  2. Текилдек уй
  3. Ат өтпөс
  4. Жаман уй
  5. Бел уй
  6. Далы
  7. Эки тиш уй
  8. Көк моюн
  9. Куйрук уй

Тогуз коргоолдун келип чыгышы тууралуу бир нече уламыш айтылат. Биринде, бир ач көз төрө Тогузбай элден дайыма салыгын алып, тогуз кара жана тогуз бододон берип турууну милдеттендирген. Элди ошол салыктан алаксытуу үчүн бул оюн ойлоп табылган дешет. Экинчи уламышта кербен токтогон жерден таң эртең чоң эки чуңкур жана алардын айланасында тогуздан чакан чуңкур көрүп, ошондон улам бул оюн жаралган деп айтылат. Бул оюн балдардын жана өспүрүмдөрдүн ой жүгүртүүсүн, эсепке тактыгын, аракетчилдигин жана стратгиялык ой-жүгүртүүнү өнүктүрөт.

Аймак

Кыргызстандын бардык аймактарында кездешет

Абалы

Орто

Коомдоштук

  • Салтуу кыргыз үй-бүлөлөрү
  • Салттуу билим ээлери
  • Салтуу жаштар уюмдары жана бирикмелери
  • Спорт федерациялары

Коргоо иштери

  • Эл алалык деңгээлде 2020-жылдын декабрында «Тогуз коргоол, Тогыз Кумалак жана Мангала салттуу акыл жана стратегия оюну» аталышка Кыргызстан, Казахстан жана Түркиянын ортоктош мурасы катары ЮНЕСКОнун Бейзаттык маданий мурастарынын Өкүлдүк тизмесине катталган.
  • Маданий мурас катары изилдөө, сактоо жана өнүктүрүү маалыматы адабий булатарда, илимий макалаларда кездешет.
  • Маданий иш чараларда, майрам-салтанаттарда маданий мурас катары көрсөтүлүп, ойнолуп келет.

Адабият/Шилтеме

  • Алимбеков А. Кыргыз этнопедагогикасы. Б., 1996.
  • Анаркулов Х.Н. Кыргыз эл оюндары. – Ф., 1981.
  • Максутов Т. Мырсабеков А. Улуттук педагогиканын негиздери. – Ош, 1996.
  • Саралаев М. Кыргыздын улуттук спортунун түрлөрү. Ош, 1993.
  • Сейдалиев К. Элдик педагогиканын булактары. – Ош, 1998.