Упай – кыргыздар байыртан бери койдун чүкөсү менен ойноп келген оюндардын бири. Аны кээде эки топ болуп, кээде жекеме-жеке ойношкон. Бул оюн оюнчунун байкагычтыгын, ылдамдыгын жана акылдын курчтугун өнүктүрөт. Упай оюну негизинен айыл жеринде, кечинде чарба жумуштары бүткөн соң, үй-бүлө мүчөлөрү менен чогулуп ойнолуп келген.
Оюн үчүн адатта 30 чүкө (ар тараптан 15тен), же 60 чүкө (ар тараптан 30дан), кээде 120 чүкөгө чейин колдонулат. Бардык чүкөлөр бир өңдө болушу шарт, бирок алардын ичинен бирөө гана кызыл түскө боёлот – аны «вазир» деп аташат.
Оюнчу чүкөлөрдү шырдактын үстүнө чачат. Эгер «вазир» «айкур» жагына түшсө, оюнчу кайрадан үч жолуга чейин ыргытып көрөт. Үч жолу тең айкур болбосо кезек кийинки оюнчуга өтөт. Эгер «вазир» «таа» жагына түшсө, оюнчулар мүмкүн болушунча тез жана көп чүкө терип алышат. Эгер «вазир» «бөк» жагына түшсө, оюнчу оюндун башын «бөк» жаткан чүкөдөн баштоого милдеттүү. Колуна үч чүкө топтолгондон кийин гана «вазирди» атып ойнойт. Оюндун жыйынтыгында ким көп чүкө топтосо, ошол жеңүүчү деп эсептелет.
Кыргызстандын бардык аймактарында кездешет
Сейрек кездешет