/ Уйгур элинин бейзаттык маданий мурасы / Салттуу тамак-аш
Әткән чай / Эткен чай

«Әткән чай» – тарыхый терең салттуу суусундуктардын бири. Ошондуктан аны улуттук бейзаттык маданий мурасынын маанилүү бөлүгү деп эсептешет. Ал жөн гана чаңкоону кандырып койбостон, меймандостукту жана салтка болгон сый-урматты билдирет.

Бул чайды даярдоодо кара жалбырак чай, сүт, суу, туз, каймак жана май колдонулат. Натыйжада даамы канык, жыттуу ичимдик даярдалат. «Әткән чайдын» негизги кошумчасы – тандыр-нан. Нанды майда туурап, атайын «апкур-чаши» деп аталган терең идишке салат да, үстүнө чай куюлат.

Салт боюнча, «әткән чай» конок тосууда дасторкондун соңунда берилет. Бул көрүнүштү элдик накыл сөз да чагылдырат: «әткән чай – кәткән чай» – «коштошуу чайы». Башкача айтканда, бул ырым меймандостуктун жыйынтыгы жана конокторго болгон сый-урматты белгилейт.

Кыргызстанда, айрыкча Чүй облусунда, «әткән чайхана» деп аталган атайын жайлар ачылып, анда ушул улуттук ичимдикти өзгөчө салт менен сунуштап келишет.

Аймак

Кыргызстандын уйгур коомдоштугу жашаган бардык аймактарында. Айрыкча Бишкек шаарында жана анын айланасында, Чүй облусунун Ысык-Ата жана Аламүдүн райондорунда; Ош облусунун Кара-Суу районунда; Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында, ошондой эле Баткен жана Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде кездешет

Абалы

Жандуу, кеңири кездешет

Коомдоштук

  • Кыргызстандын бардык аймактарында жашаган уйгур коомдоштугу
  • Салттуу билим ээлери
  • Жеке ашпозчулар жана салтуу уйгур ашкана сүйүүчүлөрү
  • Уйнур коомдоштугунун маданий жана өнөрчүлөр бирикмелери

Коргоо иштери

  • Күнүмдүк турмушта улуу муундан жаш муунга тарбия берүү ирээтинде жана тажрыйба бөлүшүү жолу менен сакталып келет.
  • Кыргызстанда, айрыкча Чүй облусунда, «әткән чайхана» деп аталган атайын жайлар ачылып, анда ушул улуттук ичимдикти өзгөчө салт менен сунуштап келишет.
  • 1989-жылы негизделген «Иттипак» коомдук бирикмеси уйгур маданий мурасын сактоо боюнча жигердүү иш жүргүзүп келет. Маданий мурастар боюнча маалымат жана тиешелүү иш-чаралар ошол эле аталыштагы гезитте маал-маалы менен жарыкка чыгып турат.

Адабият/Шилтеме

  • С.Н. Абдуллаев. «Аткан чай» фрейми уйгурлардын дүйнөнүн тилдик сүрөтүндө // XXI кылымдагы илим жана билим. – Түркмөнабад, 2023. – Б. 92–93.