/ Уйгур элинин бейзаттык маданий мурасы / Салттуу тамак-аш
Догап

«Догап» – уйгур элинин салттуу суусундугу. Аны даярдоодо муз, туз кошулган сүзмө жана муздак суу аралаштырылат. Суусундуктун коюулугу ар кимдин табитине жараша өзгөрөт: айрым учурда коюу, айрым учурда суюк түрдө жасалат.

Догаптын эң негизги өзгөчөлүгү денени сергитүүчү жана азыктандыруучу касиетинде. Ал денеге керектүү туз менен суунун курамын толуктап, суусун кандырып, чарчоону басып, күч-кубат берген азык катары жайдын ысык күндөрүндө кеңири колдонулат.

Аймак

Кыргызстандын уйгур коомдоштугу жашаган бардык аймактарында. Айрыкча Бишкек шаарында жана анын айланасында, Чүй облусунун Ысык-Ата жана Аламүдүн райондорунда; Ош облусунун Кара-Суу районунда; Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында, ошондой эле Баткен жана Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде кездешет

Абалы

Жандуу, кеңири кездеше

Коомдоштук

  • Кыргызстандын бардык аймактарында жашаган уйгур коомдоштугу
  • Салттуу билим ээлери
  • Жеке ашпозчулар жана салтуу уйгур ашкана сүйүүчүлөрү
  • Уйнур коомдоштугунун маданий жана өнөрчүлөр бирикмелери

Коргоо иштери

  • Күнүмдүк турмушта улуу муундан жаш муунга тарбия берүү ирээтинде жана тажрыйба бөлүшүү жолу менен сакталып келет.
  • 1989-жылы негизделген «Иттипак» коомдук бирикмеси уйгур маданий мурасын сактоо боюнча жигердүү иш жүргүзүп келет. Маданий мурастар боюнча маалымат жана тиешелүү иш-чаралар ошол эле аталыштагы гезитте маал-маалы менен жарыкка чыгып турат.

Адабият/Шилтеме

  • Ушуров Р. Уйгур элинин 1000 түркүн даамы. – Алматы: Мир, 2011.
  • М.Б. Сабыр, С.Н. Абдуллаев. Орто кылымдагы жазма эстеликтерде азык-түлүк аталыштары жана алардын казак жана уйгур тилдериндеги лингвомаданий талаасы // Түрк-монгол элдеринин салттуу тамак-ашы. – Элиста, 2024. – Б. 57–64.