«Саңза» (гүл хемир) – жасоо ыкмасы татаал жана өзгөчө ыкма менен куурулган уйгур азыгы. Саңзанын камыры атайын даярдалган жыттуу кошулмалардан – пияз, жыттуу калемпир, май, сүт, ун жана жумурткадан жуурулат. Жуурулган камыр лагманга окшоп узун жиптей чоюлуп, атайын таякчаларга оролуп куурулат.
Саңзаны кууруу өзгөчө ыкма менен аткарылат: алгач камырдын бир учун кызыган майга салып кызартат, андан кийин экинчи учун, акырында эки учун бириктирип ортосун куурушат. Куурулуп бүткөндө камыр ачылган гүлдүн башындай кооз көрүнөт. Даяр болгон соң, жалпак тегерек табакка салынып, учтарын ортого чыгарып жайгаштырылат. Натыйжада катмарлары бийик мунара сымал көрүнүштү жаратат.
Саңза уйгур ашканасында өзгөчө орунда турат жана көп учурда майрамдык дасторкондо тартууланат. Бирок акыркы жылдары бул салттуу ыкма бара-бара жоголуп бара жатат: көпчүлүк аны үйдө жасоонун ордуна даяр түрүндө сатып алууну тандап, натыйжада саңзаны кол менен жасоо өнөрү мурдагыдай жигердүү колдонуудан чыгып бара жатат.
Кыргызстандын уйгур коомдоштугу жашаган бардык аймактарында. Айрыкча Бишкек шаарында жана анын айланасында, Чүй облусунун Ысык-Ата жана Аламүдүн райондорунда; Ош облусунун Кара-Суу районунда; Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында, ошондой эле Баткен жана Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде кездешет
Жандуу, кеңири кездешет