/ Уйгур элинин бейзаттык маданий мурасы / Салттуу тамак-аш
Ләгмән / Лагман

«Ләгмән» (хемир азу) – лагман маданий белги катары да калыптанган Кыргызстандагы уйгурлардын эң сүйүктүү тамактарынын бири. Анын өзгөчөлүгү – даамдын катыктыгы жана ар бир мезгилге ылайыкташкан азыктардын колдонулушу.

Лагман негизинен эки негизги бөлүктөн турат: кол менен чоюлуп жасалган камыр жана жыттуу чык. Лагмандын камыры катуу болуп жуурулган соң, кичинекей кылып тоголоктолот. Андан кийн ар бир камыр чоюлуп, ичкертилет. Мындай камырдын үзбөй чоюп жасоо чоң тажрыйбаны талап кылган өзүнчө кулинардык өнөр.

Лагмандын чыгы чоң казанда куурулуп жасалат. Ар бир жашылча өзүнчө майда куурулуп, андан кийин эт жана башка кошулмалар менен бириктирилет. Ошентип анын даамы жана жыты өзгөчө болуп чыгат. Мезгил өзгөчөлүгүнө жараша:

  • Жазында лагмандын чыгы жаш пияздан, сельдерейден, редистен жана өнүп чыккан жаш өсүмдүктөрдөн даярдалат;
  • Жайында бадыраң, сарымсактын жебелери, жүсай, помидор, жашыл жана кызыл калемпир, баклажан жана жаш картошка кошулуп даярдалат;
  • Күзүндө сабиз, ак редис жана шалкам колдонулуп жасалат.
  • Кышында болсо чык кургатылган же туздалган жашылчалардан жасалат.

Лагман жөн гана даам эмес, ал үй-бүлөлөрдү бириктирген дасторконго коюлуучу ыйык маданий белги катары эсептелинет. Ал ар бир муунга атадан балага өтүп, уйгур элинин маданий эстутумун жана биримдигин сактап келет.

Аймак

Кыргызстандын уйгур коомдоштугу жашаган бардык аймактарында. Айрыкча Бишкек шаарында жана анын айланасында, Чүй облусунун Ысык-Ата жана Аламүдүн райондорунда; Ош облусунун Кара-Суу районунда; Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында, ошондой эле Баткен жана Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде кездешет

Абалы

Жандуу, кеңири кездешет

Коомдоштук

  • Кыргызстандын бардык аймактарында жашаган уйгур коомдоштугу
  • Салттуу билим ээлери
  • Жеке ашпозчулар жана салтуу уйгур ашкана сүйүүчүлөрү
  • Уйнур коомдоштугунун маданий жана өнөрчүлөр бирикмелери

Коргоо иштери

  • Күнүмдүк турмушта улуу муундан жаш муунга тарбия берүү ирээтинде жана тажрыйба бөлүшүү жолу менен сакталып келет.
  • 1989-жылы негизделген «Иттипак» коомдук бирикмеси уйгур маданий мурасын сактоо боюнча жигердүү иш жүргүзүп келет. Маданий мурастар боюнча маалымат жана тиешелүү иш-чаралар ошол эле аталыштагы гезитте маал-маалы менен жарыкка чыгып турат.

Адабият/Шилтеме

  • Асанканов, А. Кыргызстандагы уйгурлар. – Бишкек, 2014.
  • Ушуров Р. Уйгур элинин 1000 түркүн даамы. – Алматы: Мир, 2011.