/ Уйгур элинин бейзаттык маданий мурасы / Салттуу тамак-аш
Кавап / Шишкебек

«Кавап» – уйгур элинин ашканасындагы эң негизги куурулган эт тамактарынын бири. Ал кадимки шишкебектен айырмаланып, этти майдадан – 15-20 граммдай кылып туурап, сөзсүз 2-3 саат маринаддап анан бышырат. Бирок өтө узак маринаддаса, эттин даамы жана курамы өзгөрүп кетет деп эсептелет.

Куармы жана даярдоо ыкмасына карай «каваптын» төмөнкү түрлөрү белгилүү:

  • «Жяж кавап» – эң кеңири тараган түрү, этти көмүрдө же отко кууруп даярдайт;
  • «Пахлан кавап» – үч айлык козуну бүтүндөй, кыркылбаган бойдон көмөчкө же отко бышырат (бул түрү көбүнчө түштүк аймактарда жана Чүйдө белгилүү);
  • «Топак кавап» – этти тегерек котлет кылып жасап, анан кууруп бышырат;
  • «Тоху кавап» – тоок этинен жасалат.

Бүгүнкү күндө «каваптын» бул түрлөрүн жаш ашпозчуларга үйрөтүү, аш фестивалдарында, устаттардын мастер-класстарында жайылтуу салтты сактап калуунун маанилүү жолу деп эсептелет.

Аймак

Кыргызстандын уйгур коомдоштугу жашаган бардык аймактарында. Айрыкча Бишкек шаарында жана анын айланасында, Чүй облусунун Ысык-Ата жана Аламүдүн райондорунда; Ош облусунун Кара-Суу районунда; Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында, ошондой эле Баткен жана Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде кездешет

Абалы

Жандуу, кеңири кездешет

Коомдоштук

  • Кыргызстандын бардык аймактарында жашаган уйгур коомдоштугу
  • Салттуу билим ээлери
  • Жеке ашпозчулар жана салтуу уйгур ашкана сүйүүчүлөрү
  • Уйнур коомдоштугунун маданий жана өнөрчүлөр бирикмелери

Коргоо иштери

  • Күнүмдүк турмушта улуу муундан жаш муунга тарбия берүү ирээтинде жана тажрыйба бөлүшүү жолу менен сакталып келет.
  • 1989-жылы негизделген «Иттипак» коомдук бирикмеси уйгур маданий мурасын сактоо боюнча жигердүү иш жүргүзүп келет. Маданий мурастар боюнча маалымат жана тиешелүү иш-чаралар ошол эле аталыштагы гезитте маал-маалы менен жарыкка чыгып турат.

Адабият/Шилтеме

  • Асанканов, А. Кыргызстандагы уйгурлар. – Бишкек, 2014.
  • Ушуров Р. Уйгур элинин 1000 түркүн даамы. – Алматы: Мир, 2011.