«Гөш нан» – уйгур элинин салттуу тамактарынын бири, эт салынган нан (пирог). Анын өзгөчөлүгү – бир эле учурда куурулуп, андан кийин бышырылып жасалгандыгы. Ошондуктан камырынын даамы өзгөчө, ичи жумшак, сырты болсо кытырак болуп чыгат.
Даярдоо жол-жобосу бир нече баскычтан турат. Адегенде камырды эки тегерек жалпак токоч кылып жайылат. Бирөөсүнө эт фарш салынат да, үстүнөн экинчи токоч жабылып, четтери бекем чымчылат. Анан казандагы кызыган майга салып, эки бетин кызарганча куурулуп алынат. Кызаргандан кийин казанга суу кошулуп, отту жайлатып 40 мүнөттөй демделет. Ушундайча жасалган «гөш нан» өзгөчө жыпар жыттуу жана абдан жумшак болот.
Бул даам уйгур элинин ашканасында абдан маанилүү. Аны күнүмдүк турмушта да, майрамдык дасторкондорго да жасашат.
Кыргызстандын уйгур коомдоштугу жашаган бардык аймактарында. Айрыкча Бишкек шаарында жана анын айланасында, Чүй облусунун Ысык-Ата жана Аламүдүн райондорунда; Ош облусунун Кара-Суу районунда; Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында, ошондой эле Баткен жана Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде кездешет
Жандуу, кеңири кездешет