/ Уйгур элинин бейзаттык маданий мурасы
Сәнъәт әсваплари / Музыкалк аспаптар

Музыка уйгур элинин жашоосунда ар дайым коштоп жүргөндүктөн, ар түрдүү музыкалык аспаптар жаралган. Бул аспаптарды төмөнкү негизги топторго бөлүүгө болот:

  • Кылдуу аспаптар – дутар, тәмбир, сатар, равап, гежәк, хуштар, бербап, калун, чаң;
  • Какма аспаптар – дап, нағра, думбақ, жан, тевилваз, сапайа, жүпташ, қошуқ, чақ-чақ, чақча;
  • Үйлөмө аспаптар – сунәй, нәй, карнай.

Аймак

Кыргызстандын Чүй, Ош жана Ысык-Көл аймактарында кездешет

Абалы

Жандуу, кеңири кездешет

Коомдоштук

  • Кыргызстандын бардык аймактарында жашаган уйгур коомдоштугу
  • Салттуу билим ээлери
  • Салтуу оозеки чыгармачылык жана аткаруучулук өнөр ээлери
  • Фолклордук ансмаблдер жана көркөм чыгармачылык топтор
  • Бийчилер жана аткаруучу-өнөрчүлөр

Коргоо иштери

  • Кыргызстандагы уйгур коомдоштуктары балдар үчүн атайын ийримдерди түзүүгө аракет кылышат. Максаты – жаш муунга өз элинин тилин, ыр-күүлөрүн, бийлерин жана кол өнөрчүлүк ыкмаларын үйрөтүп, ата-бабадан калган маданий мурасты сактап калуу жана жаштардын арасында жайылтуу.

Адабият/Шилтеме

  • Кибирова, С. Н. Уйгурлардын салттуу маданиятындагы музыкалык аспаптар. Искусствоведение илимий кандидаты даражасына диссертациянын авторефераты: 17.00.02 / Кибирова Санат Низамовна; Ленинград мамлекеттик театр, музыка жана кино институту (ЛГИТМиК). – Ленинград, 1989. – 23 б.