/ Уйгур элинин бейзаттык маданий мурасы
Мәддаһлиқ / Жөө жомоктор

«Мәддаһлиқ» – жөө жомоктору көбүнчө күлкү-тамаша аралаш же окуя же аңгеме өңдүү айтылат. Бирок алардын арасында башка мазмундагылары да бар. Маселен, «ашлянфу» деген аталыштын тарыхын баяндаган уламыш бар. Анда уйгурлардагы көндүм боюнча – кечинде даярдалган тамактан бир бөлүгүн кошунасына алып баруу адатынан улам жаңы тамактын жаралышы тууралуу айтылат. Ушундай өз ара коноктошуп жүрүүдөн улам уйгурлар менен дунгандар кошо жаңы тамак чыгарышкан жана ал азыркы Кыргызстан жергесинде пайда болгон деген ишеним бар.

Аймак

Кыргызстандын Чүй жана Ош аймактарында кездешет

Абалы

Жоголуу коркунучунда

Коомдоштук

  • Кыргызстандын бардык аймактарында жашаган уйгур коомдоштугу
  • Салттуу билим ээлери
  • Салтуу оозеки чыгармачылык жана аткаруучулук өнөр ээлери
  • Фолклордук ансмаблдер жана көркөм чыгармачылык топтор
  • Бийчилер жана аткаруучу-өнөрчүлөр

Коргоо иштери

  • Күнүмдүк турмушта улуу муундан жаш муунга тарбия берүү ирээтинде жана тажрыйба бөлүшүү жолу менен сакталып келет.
  • 1989-жылы негизделген «Иттипак» коомдук бирикмеси уйгур маданий мурасын сактоо боюнча жигердүү иш жүргүзүп келет. Маданий мурастар боюнча маалымат жана тиешелүү иш-чаралар ошол эле аталыштагы гезитте маал-маалы менен жарыкка чыгып турат.

Адабият/Шилтеме

  • Н.С. Абдуллаева. Уйгурлардын маданияты – тамак-аш лексикасынын, ысымдардын жана байыркы хореографиянын күзгүсүндө. – Саарбрюккен, 2024.