«12 мукам» – уйгур элинин музыкалык өнөрүнүн чыныгы бермети болуп эсептелген өзгөчө жанр. Бул жөн гана ырлар менен күүлөрдүн жыйнагы эмес, бүтүндөй философияны, табитти, дүйнө таанымды жана элдин тарыхый эстутумун камтыган көркөм тутум.
Ар бир мукам ири көлөмдүү чыгарма болуп, бир нече бөлүктөн турат жана циклдик принцип менен курулат. Мукамдын курамына төмөнкү бөлүктөр кирет:
Ар бир мукамда обондор, ыргактар жана маанай акырындык менен өнүгүп, баштапкы бөлүгүнөн баштап соңуна чейинки көркөм чечилишке жетет. Мындай түзүлүш мукамга музыкалык гана эмес, философиялык толук кандуулукту берет.
Мукамда ырлар белгилүү чыгыш акындарынын чыгармаларынын негизинде аткарылат: Алишер Навои, Ахмед Югнаки, Жами, Нефиси сыяктуу классиктер менен бирге уйгур поэзиясынын да көрүнүктүү өкүлдөрүнүн ырлары колдонулат. Алардын сүйүү, руханий издөө, адамдык касиеттер жана жашоонун маңызы тууралуу ой толгоолору обон менен айкалышып, терең таасир калтырат.
Кыргызстанда өзгөчө Илий мектебинин варианты кеңири жайылган. Ал уйгурлардын Илий өрөөнүнөн (Кытай) Фергана өрөөнүнө жана Чүй аймагына көчүп келиши менен тараган. Илий мектеби обондун байлыгы, вокалдык техникасынын кооздугу жана аспаптык коштоонун молдугу менен айырмаланат. Мында тамбур, рабаб, сатар, най сыяктуу салттуу аспаптар гана эмес, жергиликтүү формада өзгөртүлгөн аспаптар да колдонулат.
«12 мукамды» аткаруу абдан чоң чеберчиликти талап кылат – ырчылык, аспаптык өнөр жана стилди, салтты терең түшүнүү керек. Бул өнөр «устат–шакирт» салты аркылуу муундан муунга оозеки түрдө өтүп келгендиктен, өтө баалуу жана ошол эле учурда аялуу мурас болуп саналат.
Кыргызстандын Чүй жана Ош аймактарында кездешет
Жоголуу коркунучунда