/ Уйгур элинин бейзаттык маданий мурасы
Нахшилар / Ырлар

«Нахшилар» – уйгур элинин салттуу музыкалык чыгармалары. Алардын негизин поэтикалык саптар түзүп, обон, ыргак жана маанилик тереңдик айкалышат. Көбүнчө бул ырлар 3-5 мүнөттүн ичинде аткарылат, бирок ошол убакыттын ичинде эле уйгур элинин күнүмдүк жашоосу менен руханий дүйнөсүндөгү эң негизги ойлор – сүйүү, достук, мекенге болгон сагыныч, табият, моралдык баалуулуктар жана коомдук сезимдер – чагылдырылат. Эл ичинде «эркек киши дарак тигип, үй куруп, бала өстүрүп гана тим болбой, сөзсүз ыр да чыгарышы керек» деген сөз бар.

«Нахшилардын» стили ырдын мазмунуна жана аткарылган жагдайына жараша лирикалык, же болсо ойноок жана бийге ылайык түргө өтүп турат. Алар тилди, поэтиканы жана элдин музыкалык табитин сактап турган жандуу мурас болуп саналат.

Анын бир түрү – «коча нахшиси», жаштардын ырлары. Бул ырлар жаштардын күнүмдүк жана көңүл ачуу маданиятынын бир бөлүгү катары чыккан. Алар көбүнчө кечелерде, достук чогулуштарда жана үй-бүлөлүк тойлордо аткарылган.

Кыргызстанда ушул салттын негизинде белгилүү музыкалык чыгармалар жаралып, алардын ичинде «Герип-Санам», «Аткан чай», «Кызыл гүл» сыяктуу ырлар бар. Бул чыгармалар уйгур элинин ичинде гана эмес, андан тышкары да кеңири таанымал болуп, элге жаккан чыгармаларга айланган.

Аймак

Кыргызстандын уйгур коомдоштугу жашаган бардык аймактарында. Айрыкча Бишкек шаарында жана анын айланасында, Чүй облусунун Ысык-Ата жана Аламүдүн райондорунда; Ош облусунун Кара-Суу районунда; Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында, ошондой эле Баткен жана Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде кездешет

Абалы

Жандуу, кеңири кездешет

Коомдоштук

  • Кыргызстандын бардык аймактарында жашаган уйгур коомдоштугу
  • Салттуу билим ээлери
  • Салтуу оозеки чыгармачылык жана аткаруучулук өнөр ээлери
  • Фолклордук ансмаблдер жана көркөм чыгармачылык топтор
  • Салттуу музыка сүйүүчүлөрү

Коргоо иштери

  • Күнүмдүк турмушта улуу муундан жаш муунга тарбия берүү ирээтинде жана тажрыйба бөлүшүү жолу менен сакталып келет.
  • 1989-жылы негизделген «Иттипак» коомдук бирикмеси уйгур маданий мурасын сактоо боюнча жигердүү иш жүргүзүп келет. Маданий мурастар боюнча маалымат жана тиешелүү иш-чаралар ошол эле аталыштагы гезитте маал-маалы менен жарыкка чыгып турат.

Адабият/Шилтеме

  • Асанканов, А. Кыргызстандагы уйгурлар. – Бишкек, 2014.