/ Уйгур элинин бейзаттык маданий мурасы / Каада-салт, ырым-жырым, майрамдар
Исим қоюш / Ат коюу

«Исим қоюш» – жаңы төрөлгөн ымыркайга ат коюу жөрөлгөсү. Адатта бул ишти диний салттарды жакшы билген эркек киши аткарат. Негизи салттуу түрдө бул милдетти баланын атасы аткаруусу зарыл, анткени бул жаңы үй-бүлө мүчөсүнүн тагдыры үчүн жоопкерчиликти өз мойнуна алганын билдирет жана муундардын улануусун, ата-бала байланышын чагылдырат.

Бул жөрөлгө сакталып келгени менен учурда анын салттуу түрү сейрек кездешүүдө. Өзгөчө, атанын орду көп учурда башка адамдарга өтүп кеткени байкалат. Ошондуктан бул салтты өзгөчө шаардык шартта жандандыруу жана колдоо маанилүү болуп эсептелет.

Аймак

Кыргызстандын уйгур коомдоштугу жашаган бардык аймактарында. Айрыкча Бишкек шаарында жана анын айланасында, Чүй облусунун Ысык-Ата жана Аламүдүн райондорунда; Ош облусунун Кара-Суу районунда; Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында, ошондой эле Баткен жана Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде кездешет

Абалы

Сейрек кездешет

Коомдоштук

  • Кыргызстандын бардык аймактарында жашаган уйгур коомдоштугу
  • Салттуу билим ээлери
  • Уйгур коомдоштугунун диний жана маданий ишмерлери

Коргоо иштери

  • Күнүмдүк турмушта улуу муундан жаш муунга тарбия берүү ирээтинде жана тажрыйба бөлүшүү жолу менен сакталып келет.
  • 1989-жылы негизделген «Иттипак» коомдук бирикмеси уйгур маданий мурасын сактоо боюнча жигердүү иш жүргүзүп келет. Маданий мурастар боюнча маалымат жана тиешелүү иш-чаралар ошол эле аталыштагы гезитте маал-маалы менен жарыкка чыгып турат.

Адабият/Шилтеме

  • Асанканов, А. Кыргызстандагы уйгурлар. – Бишкек, 2014.
  • Зульпикар, М. Уйгурлардын каада-салты. – Алматы: Мир, 2010.