/ Уйгур элинин бейзаттык маданий мурасы / Каада-салт, ырым-жырым, майрамдар
Бөшүк той / Бешик той

«Бөшүк той» – ымыркайдын кыркын чыгаргандан кийин аны салтанаттуу түрдө бешикке бөлөшөт. Ошол учур менен кошо «бешик той» башталат. Бул күнү коноктор ата-энени куттуктап, балага бакыт менен узун өмүр тилешет. Тойдо оюн-зоок, бийлер, оюндар коштолуп, көңүл ачылат.

Аймак

Кыргызстандын уйгур коомдоштугу жашаган бардык аймактарында. Айрыкча Бишкек шаарында жана анын айланасында, Чүй облусунун Ысык-Ата жана Аламүдүн райондорунда; Ош облусунун Кара-Суу районунда; Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында, ошондой эле Баткен жана Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде кездешет

Абалы

Жандуу, кеңири кездешет

Коомдоштук

  • Кыргызстандын бардык аймактарында жашаган уйгур коомдоштугу
  • Салттуу билим ээлери
  • Уйгур коомдоштугунун диний жана маданий ишмерлери

Коргоо иштери

  • Күнүмдүк турмушта улуу муундан жаш муунга тарбия берүү ирээтинде жана тажрыйба бөлүшүү жолу менен сакталып келет.
  • 1989-жылы негизделген «Иттипак» коомдук бирикмеси уйгур маданий мурасын сактоо боюнча жигердүү иш жүргүзүп келет. Маданий мурастар боюнча маалымат жана тиешелүү иш-чаралар ошол эле аталыштагы гезитте маал-маалы менен жарыкка чыгып турат.

Адабият/Шилтеме

  • Асанканов, А. Кыргызстандагы уйгурлар. – Бишкек, 2014.
  • Зульпикар, М. Уйгурлардын каада-салты. – Алматы: Мир, 2010.