«Жүмә кечилиги» – жума күнүнүн түнүн тосуп алуу каадасы. Бул түндө Куран окулат жана маркум болгон жакындар эскерилет. Элдик ишеним боюнча, жума түнү өзгөчө берекелүү жана майрамдык түн болуп саналат.
Кыргызстандын уйгур коомдоштугу жашаган бардык аймактарында. Айрыкча Бишкек шаарында жана анын айланасында, Чүй облусунун Ысык-Ата жана Аламүдүн райондорунда; Ош облусунун Кара-Суу районунда; Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында, ошондой эле Баткен жана Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде кездешет
Жандуу, кеңири кездешет