«Қәдир кечиси» – Кадыр түн Рамазан айындагы эң ыйык жана маанилүү түн, «Кудурет түнү» деп да аталат. Бул түн Рамазан айынын акыркы он түнүнүн биринде белгиленет. Эл ишениминде дал ушул кечте кылган дуба-жакшылык, кечирим сураган тилектер өзгөчө кабыл болот деп айтылат.
Бул түнү мусулмандар жакшы иштерди жасап, Кудайдан ден соолук, узак өмүр тилеп, күнөөлөрү менен кемчиликтери үчүн кечирим сурашат. Уйгур эли бул түнгө чоң маани берип, аны зор урмат-сый менен тосуп өткөрөт.
Кыргызстандын уйгур коомдоштугу жашаган бардык аймактарында. Айрыкча Бишкек шаарында жана анын айланасында, Чүй облусунун Ысык-Ата жана Аламүдүн райондорунда; Ош облусунун Кара-Суу районунда; Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында, ошондой эле Баткен жана Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде кездешет
Жандуу, кеңири кездешет