/ Уйгур элинин бейзаттык маданий мурасы / Каада-салт, ырым-жырым, майрамдар
Роза һейт / Орозо айт

«Роза һейт» – эң башкы диний майрамдардын бири, ал ыйык орозо айынын аяктаганын билдирет. Аны Орозо айт же «таттуу майрам» деп да коюшат, анткени бул күнү ар кандай тамак-аштар жана таттуулар даярдалып, конокторго тартууланат.

Майрам эртең менен башталат: эркектер таңкы тамактан кийин мечитке барып айт намаз окушат. Намаздан соң бейиттерге барып, маркумдардын арбагына куран окушат – бул ата-бабаларга болгон урматты жана муундар байланышына ишенимди билдирет. Андан кийин тууган-урукка, досторго, кошуна-колоңго барышып, коноктошуп, таттууларды бөлүшүп, бири-бирине ак тилектерди айтып, белектерди беришет.

Аймак

Кыргызстандын уйгур коомдоштугу жашаган бардык аймактарында. Айрыкча Бишкек шаарында жана анын айланасында, Чүй облусунун Ысык-Ата жана Аламүдүн райондорунда; Ош облусунун Кара-Суу районунда; Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында, ошондой эле Баткен жана Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде кездешет

Абалы

Жандуу, кеңири кездешет

Коомдоштук

  • Кыргызстандын бардык аймактарында жашаган уйгур коомдоштугу
  • Салттуу билим ээлери
  • Уйгур коомдоштугунун диний жана маданий ишмерлери

Коргоо иштери

  • Күнүмдүк турмушта улуу муундан жаш муунга тарбия берүү ирээтинде жана тажрыйба бөлүшүү жолу менен сакталып келет.
  • 1989-жылы негизделген «Иттипак» коомдук бирикмеси уйгур маданий мурасын сактоо боюнча жигердүү иш жүргүзүп келет. Маданий мурастар боюнча маалымат жана тиешелүү иш-чаралар ошол эле аталыштагы гезитте маал-маалы менен жарыкка чыгып турат.

Адабият/Шилтеме

  • Асанканов, А. Кыргызстандагы уйгурлар. – Бишкек, 2014.
  • Зульпикар, М. Уйгурлардын каада-салты. – Алматы: Мир, 2010.
  • Халипаева, И. А. Кумыктар менен уйгурлардын үйлөнүү тойлору: ырым-жырымдык жана мифологиялык өңүт // Түрк дүйнөсүнүн жарчысы. – 2015. – № 1(8). – Б. 10–15.
  • Абдуллаев, С. Н. Уйгурлардын тилдик-мурастук түшүнүгүндө «кесип – бакыт» биному (Л. Муталлииптин жашоосу жана чыгармачылыгынын мисалында) // СВГВ. – 2017. – № 1(18). – URL: https://cyberleninka.ru/article/n/uygurskaya-lingvokulturnaya-kontseptualizatsiya-binoma-prizvanie-schastie-na-primere-zhiznedeyatelnosti-i-tvorchestva-l-mutallipa (кайрылган күнү: 06.05.2025).