/ Уйгур элинин бейзаттык маданий мурасы / Каада-салт, ырым-жырым, майрамдар
Яр-яр / Кыз узатуу ырлары

«Яр-яр» – уйгур элинин үйлөнүү тоюндагы салттуу ыр жөрөлгөсү. Ал болочок келиндин ата-энесинин үйүнөн кетер алдында ырдалат. Жөрөлгө учурунда улуттук кийим кийген болочок келин оттун айланасынан айланып, ал жерде чогулган аялдардын ырын коштойт. Бул учур өзгөчө сезимге толгон абалды жаратат.

«Яр-ярдын» ыр тексттеринде кыздын турмушка чыккандан кийинки жашоосундагы өзгөрүүлөр, жаңы милдеттери жана жаңы үй-бүлөдөгү бакытка болгон үмүтү баяндалат. Катышуучулар болочок келиндин жанындагы аялзаты көтөрүп бараткан атайын табакка акча жана тамак-аш белектерин салышат. Андан кийин кыз салтанаттуу түрдө болочок күйөсүнүн үйүнө узайт.

«Яр-яр» аркылуу жеке сезимдер менен бирге башкы салттуу баалуулуктар да чагылдырылат: ата-энеге урмат, тууган-урукка таазим, бакыт, тынчтык жана ынтымакка болгон ой-тилек. Бул жөрөлгө үйлөнүү тоюнун эң таасирдүү учурларынын бири болуп, элдик оозеки чыгармачылыктын, поэзиянын, салттуу музыканын жана ишенимдердин баарын өзүнө камтыйт.

Аймак

Кыргызстандын Ош жана Ысык-Көл аймактарында кездешет

Абалы

Жандуу, кеңири кездешет

Коомдоштук

  • Кыргызстандын бардык аймактарында жашаган уйгур коомдоштугу
  • Салттуу билим ээлери
  • Уйгур коомдоштугунун диний жана маданий ишмерлери

Коргоо иштери

  • Күнүмдүк турмушта улуу муундан жаш муунга тарбия берүү ирээтинде жана тажрыйба бөлүшүү жолу менен сакталып келет.
  • 1989-жылы негизделген «Иттипак» коомдук бирикмеси уйгур маданий мурасын сактоо боюнча жигердүү иш жүргүзүп келет. Маданий мурастар боюнча маалымат жана тиешелүү иш-чаралар ошол эле аталыштагы гезитте маал-маалы менен жарыкка чыгып турат.

Адабият/Шилтеме

  • Асанканов, А. Кыргызстандагы уйгурлар. – Бишкек, 2014.
  • Зульпикар, М. Уйгурлардын ырым-жырымдары жана салттары. – Алматы: Мир, 2010.
  • Халипаева, И. А. Кумыктар менен уйгурлардын үйлөнүү тойлору: ырым-жырымдык жана мифологиялык аспект // Түрк дүйнөсүнүн жарчысы. – 2015. – № 1(8). – Б. 10–15.