/ Дунган (хуэйзў/хуэйцзу) элинин бейзаттык маданий мурасы / Салттуу билимдер жана тажрыйбалар
Луэ то пын / Адрашман

«Луәто пын» – адрашман, дунгандардын салттуу дарыгерчилигинде түтөтүү жана тундурма даярдоо үчүн колдонулат. Ал аллергияны дарылоодо, жараларды тазалоодо жана сезгенүүнү басууда колдонулат. Ал эми тундурмасын сасык тумоодо, безгек оорусунда ж.б. каршы ичишет.

Аймак

Чүй облусунун Искра, Кеңбулун, Хун Чи, Дмитриевка айылдары, Токмок шаары, ошондой эле Александровка жана Милянфан айылдарында; Ысык-Көл облусунун Ырдык айылында; Каракол жана Бишкек шаарында жашаган дунгандарда кездешет.

Абалы

Сейрек кездешет

Коомдоштук

  • Чүй жана Ысык-Көл аймактарында жашаган дунган коомдоштуктары
  • Салттуу билим ээлери
  • Салттуу дарыгерлер
  • Улуу муундун өкүлдөрү

Коргоо иштери

  • Маданий мурас катары изилдөө, сактоо жана өнүктүрүү боюнча атайын демилгелер жана иш-чаралары аткарылбайт.
  • Күнүмдүк турмушта улуу муундан жаш муунга тарбия берүү ирээтинде жана тажрыйба бөлүшүү жолу менен сакталып келет.

Адабият/Шилтеме

  • Талаа изилдөө материалдары