/ Дунган (хуэйзў/хуэйцзу) элинин бейзаттык маданий мурасы / Салттуу билимдер жана тажрыйбалар
Жю / Эрмен басуу

«Җю» – акупунктуранын бир бөлүгү катары эсептелген жыттуу эрмен чөбүн колдонуу ыкмасы. Алдын ала эрмендин сөңгөктөрүн бири-бирине каптап катуу тоголоктоп жасалган тутумду түтүндүрүп, адамдын денесиндеги белгилүү чекиттерге жылуулук берүү үчүн басууда колдонулат. Салттуу ишеним боюнча мындай жылуулук берүү жолу организмдеги энергиянын жүрүшүн жакшыртып, ооруну басаңдатып, айыгуу процессин тездетет. Көбүнчө «җю» сасык тумоо, муун оорулары жана ревматизмде колдонулат.

Аймак

Чүй облусунун Искра, Кеңбулун, Хун Чи, Дмитриевка айылдары, Токмок шаары, ошондой эле Александровка жана Милянфан айылдарында; Ысык-Көл облусунун Ырдык айылында; Каракол жана Бишкек шаарында жашаган дунгандарда кездешет.

Абалы

Унутта калган

Коомдоштук

  • Чүй жана Ысык-Көл аймактарында жашаган дунган коомдоштуктары
  • Салттуу билим ээлери
  • Салттуу дарыгерлер
  • Улуу муундун өкүлдөрү

Коргоо иштери

  • Маданий мурас катары изилдөө, сактоо жана өнүктүрүү боюнча атайын демилгелер жана иш-чаралары аткарылбайт.

Адабият/Шилтеме

  • Талаа изилдөө материалдары