/ Дунган (хуэйзў/хуэйцзу) элинин бейзаттык маданий мурасы / Салттуу билимдер жана тажрыйбалар
Чя / Ушалоо 

«Чя» – «ушалоо» дунган элинин салттуу дарылоосунда колдонулган ыкма. Бул рефлексотерапиянын жөнөкөй формасы болуп, денедеги биологиялык активдүү чекиттерди эки колдун чоң жана сөөмөй манжалары менен басып, кызарганга чейин ушалоо түрү.

Бул ыкма салттуу түрдө төмөнкү учурларда колдонулат:

  • Баш ооруп, кан басым көтөрүлгөндө – чекит каштын ортосунда басылат.
  • Ич ооруганда – күн нерви (солнечное сплетение) аймагына басым жасалат.
  • Желке же ийин ооруларында – ийин булчуңуна басым жасалат. Бул ыкма ашказанга байланышкан ооруларды да жеңилдетет.

Негизи «чя» ыкмасы дунган элинин салттуу ишеним-түшүнүгүнө таянат. Анда адамдын денесинде ички органдар менен байланышкан чекиттер бар, ошолорго туура таасир этсе, организмдеги энергиянын айланышы оңолуп, оорулар басаңдайт, дене жеңилдеп, адамдын абалы жакшырган.

Аймак

Чүй облусунун Искра, Кеңбулун, Хун Чи, Дмитриевка айылдары, Токмок шаары, ошондой эле Александровка жана Милянфан айылдарында; Ысык-Көл облусунун Ырдык айылында; Каракол жана Бишкек шаарында жашаган дунгандарда кездешет.

Абалы

Жоголуу коркунучунда

Коомдоштук

  • Чүй жана Ысык-Көл аймактарында жашаган дунган коомдоштуктары
  • Салттуу билим ээлери
  • Салттуу дарыгерлер
  • Улуу муундун өкүлдөрү

Коргоо иштери

  • Маданий мурас катары изилдөө, сактоо жана өнүктүрүү боюнча атайын демилгелер жана иш-чаралары аткарылбайт.
  • Күнүмдүк турмушта улуу муундан жаш муунга тарбия берүү ирээтинде жана тажрыйба бөлүшүү жолу менен сакталып келет.

Адабият/Шилтеме

  • Талаа изилдөө материалдары