/ Дунган (хуэйзў/хуэйцзу) элинин бейзаттык маданий мурасы / Салттуу кол өнөрчүлүк
Эркектердин салттуу кийими

Эркектердин салттуу кийим-кечеси «кўзы, санзы, җяҗязы, динмор» – шым, көйнөк, чыптама жана топудан турган. Дунгандар Кыргызстанга көчүп келгенден кийин эркектер бат эле жергиликтүү элдердин – кыргыздардын, казактардын, өзбектердин салттуу кийим үлгүсүн кабыл алып, натыйжада дунган эркектеринин салттуу кийими күнүмдүк колдонуудан чыгып калган.

Аймак

Чүй облусунун Искра, Кеңбулун, Хун Чи, Дмитриевка айылдары, Токмок шаары, ошондой эле Александровка жана Милянфан айылдарында; Ысык-Көл облусунун Ырдык айылында; Каракол жана Бишкек шаарында жашаган дунгандарда кездешет.

Абалы

Унутта калган

Коомдоштук

  • Чүй жана Ысык-Көл аймактарында жашаган дунган коомдоштуктары
  • Салттуу билим ээлери
  • Кол өнөрчүлөр
  • Зергерлер

Коргоо иштери

  • Маданий мурас катары изилдөө, сактоо жана өнүктүрүү боюнча атайын демилгелер жана иш-чаралары аткарылбайт.

Адабият/Шилтеме

  • Шинло, Л. Т. Культура и быт советских дунган. – Фрунзе: Илим, 1965.